Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Күн мурун Чолпон-Ата шаарында "Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү" аттуу кыргыз-герман бизнес-форуму жана кыргыз-герман Ишкерлер кеңешинин төртүнчү жыйыны өттү.
Иш-чараларга экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков катышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, форум мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, ишкерлерди жана Кыргызстан менен Германиянын бизнес-ассоциацияларын бириктирип, эки тараптуу өз ара кызматташтыктын келечегин талкуулай турган маанилүү аянтчага айланды.
Иш-чаранын алкагында:
- экспорттук потенциалды кеңейтүү;
- ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүү;
- биргелешкен энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу;
- жаңы экономикалык багыттарды илгерилетүү маселелерин камтыган панелдик сессиялар өттү.
Бизнес-форум менен Ишкерлер кеңешинин жыйыны Кыргызстан менен Германиянын өнөктөштүк мамилелеринин жогорку деңгээлин дагы бир жолу тастыктап, тараптардын соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча активдүү кызматташтыкты улантуу ниетин көрсөттү.