Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Гананын тышкы иштер жана аймактык интеграция министри Самюэль Окудзето Аблаква менен саясий консультацияларды өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда алгач расмий ачылыш аземинде эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып, андан соң министрлер жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылышты.
Сүйлөшүүлөр тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилеринин тар курамдагы жолугушуусу менен башталды. Анын жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташтыктын стратегиялык багыттарын белгилеп, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Саясий консультациялардын жүрүшүндө тараптар саясий диалогду тереңдетүүгө болгон өз ара берилгендигин ырастап, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдарды кеңири талкуулашты. Ошондой эле алдыда боло турган эки тараптуу сапарлардын графиги каралды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн министрлери эки тараптуу кызматташтыктын келишимдик-укуктук базасын кеңейтүүгө багытталган документтердин пакетине кол коюшту. Ошондой эле тараптар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйынтыктоочу билдирүүлөрдү жасашты.