Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа парламентинин Адам укуктары боюнча кичи комитетинин мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы өз ара кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.
Жээнбек Кулубаев Европа Бирлиги менен ар тараптуу кызматташуу жана тең укуктуу диалог өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгиледи. Ал укуктун үстөмдүгү, билим берүү, санариптештирүү, транспорттук байланыштарды өнүктүрүү, экономиканы диверсификациялоо, инвестициялар жана туризм тармактарында активдүү кызматташуу болуп жатканын билдирди.
Өз кезегинде делегациянын башчысы, Европа парламентинин Адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури жылуу кабыл алуу жана жолугушууларды уюштуруудагы көмөк үчүн ыраазычылык билдирди. Ал демократиялык стандарттарды сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Европа парламенти ачык жана конструктивдүү диалогго даяр экенин ырастады. Ошондой эле кичи комитеттин мүчөлөрү Кыргызстандын демократия жаатындагы жетишкендиктерин жана өлкөнүн адам укуктарын коргоого берилгендигин баса белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында Жээнбек Кулубаев Кыргызстан өзүнүн өнөктөштөрү менен ар дайым конструктивдүү диалог жүргүзүүгө жана бардык маанилүү маселелерди, анын ичинде сезимтал темаларды талкуулоого ачык экенин дагы бир жолу ырастады.