Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Евро биримдигинин энергетика, экология жана санариптик технологиялар тармагындагы кызматташтыгы талкууланды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, 11-13-июнда Европа биримдигинин кеңешинин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия менен байланыштар боюнча жумушчу тобунун делегациясы Кыргызстанда иш сапары менен болду.
Сапардын алкагында делегация Кыргызстандын Тышкы иштер, Ички иштер, Юстиция, Cанариптик өнүктүрүү, Энергетика, Жаратылыш ресурстары, Экология жана техникалык көзөмөл министрликтеринин өкүлдөрү менен жолугушту.
Тараптар туруктуу өнүгүү, сот адилеттиги, экология, климаттын өзгөрүшү, мыйзамдуулуктун үстөмдүгүнүн принциптерин илгерилетүү жана адам укуктарын коргоо жаатында кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Өзгөчө көңүл гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, тоо-кен тармагындагы артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорго, ошондой эле санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндө кызматташуунун келечегине бурулду.
Европа биримдигинин долбоордук-программалык иш-чараларынын алкагында делегация тиешелүү долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.