Кыргызстан менен Эсватининин ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлдү

Саясат Загрузка... 25 Июль 2025 18:24
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. 24-июлда Лондондо Кыргыз Республикасы менен Эсватини Падышалыгынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү боюнча Биргелешкен коммюникеге кол коюу аземи болуп өттү.

Документке Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгындагы элчиси Улан Жусупов жана Эсватини Падышалыгынын Улуу Британиядагы элчиси Тандазиле Мбуйиса (Thandazile Mbuyisa) кол коюшту.

Дипломатиялык мамилелердин түзүлүшү эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Бул кадам БУУнун Уставында, 1961-жылкы Дипломатиялык мамилелер жөнүндөгү Вена конвенциясында жана эл аралык укуктун башка нормаларында көрсөтүлгөн принциптерге болгон өз ара берилгендикти ырастайт.

Тараптар саясий диалогду өнүктүрүүгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле БУУ сыяктуу эл аралык уюмдар алкагында өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Бул окуя Кыргыз Республикасынын тышкы саясий аракеттеринин географиясын, анын ичинде Африка континентинде да, кеңейтүүнү билдирет жана Глобалдык Түштүк өлкөлөрү менен конструктивдүү диалогго умтулуусунун дагы бир далили болуп саналат.