Кыргызстан менен Эл аралык Кызыл Крест комитетинин кызматташтыгы талкууланды — Кабар

Кыргызстан менен Эл аралык Кызыл Крест комитетинин кызматташтыгы талкууланды

Саясат 26 август 2025 16:25
WhatsApp Image 2025-08-26 at 13.34.03.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-26 at 13.33.42.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-26 at 13.33.23.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-08-26 at 13.34.03.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-26 at 13.33.42.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-26 at 13.33.23.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев менен Эл аралык Кызыл Крест комитетинин (ЭККК) Кыргызстандагы миссиясынын жаңы башчысы Франсуа Бланси жолугушту. 

Ведомстводон маалымдашкандай, Исаев Франсуа Блансини Кыргызстандагы миссиясынын башчысы катары ишин башташы менен куттуктады.       

Жолугушууда Кыргызстан менен ЭККК ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде эл аралык гуманитардык укук жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу тармагындагы учурдагы долбоорлор талкууланды.                  

Исаев Кыргызстандагы ЭККК миссиясынын аймактардагы медициналык кызматкерлерди колдоого жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн табигый кырсыктар жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда шашылыш медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган маанилүү ишин баса белгиледи.                    

Өз кезегинде Франсуа Бланси Кыргызстандагы ЭККК миссиясынын келечектеги артыкчылыктарын жана пландарын сунуштап, гуманитардык жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууда кыргыз өнөктөштөрү менен активдүү кызматташууну улантуу ниетин билдирди.                                             

Жолугушуунун соңунда Исаев өлкөдө актуалдуу долбоорлорду ишке ашырууда миссияга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады жана кызматташууну мындан ары да чыңдоого чакырды.