Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын Австриядагы элчиси/Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) туруктуу өкүлү Төлөндү Макеев ЕККУнун жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Ян Брату менен жолукту.
Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулашты жана массалык маалымат каражаттары жана сөз эркиндиги жаатында мындан аркы өз ара кызматташуунун конкреттүү багыттары боюнча пикир алмашты.
Төлөндү Макеев сөз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо Кыргызстандын өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыттары экенин, ага мамлекет башчысы жеке өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.
Өз кезегинде Ян Брату ЖМК эркиндиги маселелери боюнча практикалык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө үчүн кыргыз тарап менен ачык диалогду улантууга даяр экендигин ырастады.