Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Саясат Загрузка... 28 Август 2025 16:53
WhatsApp Image 2025-08-28 at 15.44.51.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы - элчи Алексей Роговдун миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушуусу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, кыргыз тарап элчи Роговдун Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалап, Кыргызстанда укук коргоо органдарынын потенциалын бекемдөөгө, санариптик өнүгүүгө, экологиялык-климаттык маселелерге жана башка демилгелерге жана реформаларга колдоо көрсөтүүгө өбөлгө түзгөн бир катар долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылганын белгиледи.

Кыргызстан менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жемиштүү өз ара аракеттенүүсү маселелердин кеңири чөйрөсүн камтып, өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарын илгерилетүүгө жана өнөктөштүктү бекемдөөгө практикалык салым кошуп жатканы белгиленди.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Жолугушуу жылуу жана конструктивдүү маанайда өттү, тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө умтуларын ырасташты.