Кыргызстан менен Египеттин ортосунда өкмөттөр аралык комиссия түзүлөт

Саясат Загрузка... 05 Ноябрь 2025 16:35
DOS_9618_1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Египеттин ортосунда өкмөттөр аралык комиссия түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда президент Садыр Жапаровдун Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүсүндө айтылды.

Садыр Жапаров өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи отурумун Бишкекте өткөрүүнү сунуштады. Өз кезегинде Абдель Фаттах Ас-Сиси бул демилгени колдоду.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУнун, Ислам кызматташтык уюмунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында активдүү өз ара аракеттенүүсүн да белгиледи.

Кошумчалай кетсек, президенттин Египетке болгон расмий сапарынын алкагында Кыргызстан менен Египеттин ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө багытталган макулдашууларга кол коюлат.