Кыргызстан менен Египеттин кызматташуусу талкууланды — Кабар

Кыргызстан менен Египеттин кызматташуусу талкууланды

Саясат 30 май 2025 17:14
Кыргызстан менен Египеттин кызматташуусу талкууланды
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 30.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын Египеттеги элчиси Улукбек Марипов Египеттин Азия өлкөлөрү боюнча тышкы иштер министринин орун басары Ахмад Шахин менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда Улукбек Марипов өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр, ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлор, Кыргызстандын соода-экономикалык жана инвестициялык потенциалы тууралуу айтып берди.

Тараптар ар кайсы тармактарда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Визиттерди алмашуунун жана келишимдик-укуктук базаны түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Мындан тышкары, элчи өкмөттөр аралык комиссия, ишкерлер кеңешин түзүү, түз авиакаттамдарды жана эки өлкөнүн борборлорунда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу сыяктуу бир катар келечектүү сунуштарды айтты.