Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстан менен Египеттин Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда видеобайланыш форматында II саясий кеңешме өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Кыргыз тараптын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов, ал эми египет тараптан тышкы иштер министринин орун басары - элчи Амр Хамза жетектеди.
Кеңешмелердин жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын, бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларга байланыштуу маселелерди талкуулашты.
Ошондой эле тараптар жакынкы мезгилдеги мындан аркы кызматташтыктын келечегин карап чыгып, эл аралык жана регионалдык күн тартиби боюнча пикир алмашышты. БУУнун, ИКУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара колдоону дагы бир жолу тастыкташты. Өзгөчө эки өлкө ортосундагы келишим-укуктук базаны кеңейтүү маселелерине көңүл бурулду.
Кеңешмелердин жыйынтыгында Кыргызстан менен Египеттин Тышкы иштер министрликтери ортосунда үзгүлтүксүз эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү жана консультациялардын жүрүшүндө көтөрүлгөн бардык маселелерди ишке ашыруу үчүн байланышта болууну макулдашты.