Кыргызстан менен Египет кызматташтыкты кеңейтүү боюнча 8 келишимге кол койду – элчи

Саясат Загрузка... 05 Ноябрь 2025 18:32
WhatsApp Image 2025-11-05 at 18.34.24.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.11.25 /Кабар/. Кыргызстан менен Египет кызматташтыкты кеңейтүү боюнча 8 келишимге кол койду. Бул тууралуу Кыргызстандын Египеттеги элчиси Улукбек Марипов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун Египетке болгон сапары абдан жемиштүү болду.

“Бул чынында эле тарыхый сапар. Президент Садыр Жапаров Египетке болгон сапары менен Африка континентине жол ачты. Египеттин президенти жана өкмөт башчысы Кыргызстан элчилигин ачуу чечимин кубануу менен кабыл алды. Эки мамлекеттин лидерлеринин жолугушуусунун жыйынтыгында өкмөттөр аралык комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Кыргызстан тараптан өкмөттөр аралык жыйынды Бишкекте өткөрүү сунушу айтылып, Египет президенти бул сунушту колдоду. Бул чечим эки өлкө ортосундагы кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрөт. Сапардын алкагында билим берүү, айыл чарба, банк, инвестиция жана дин тармактарын камтыган 8 маанилүү келишимге кол коюлду. Бул багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүү эми алдыдагы негизги багыттардын бири болот. Мындан тышкары, иш сапар учурунда бизнес-форум да өткөрүлүп, Египет тарап өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн тартууласа, Кыргызстан инвестициялык потенциалын видеотасма аркылуу көрсөттү. Энергетика, криптовалюта, айыл чарба, санариптешүү жана банк сектору боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп, жыйынтыгында дагы 5 келишимге кол коюлду”,-деп белгиледи ал.

Марипов белгилегендей, бул тарыхый сапар эки элдин ортосундагы тарыхый байланыштарды жандандырып, жаңы доорго жол ачты.

“Эми алдыда бизди активдүү иш жана тыгыз кызматташтык күтүп турат”,- деди ал.