Кыргызстан менен Египет дипломатиялык, кызматтык паспорт ээлери үчүн визаны жокко чыгарат — Кабар

Кыргызстан менен Египет дипломатиялык, кызматтык паспорт ээлери үчүн визаны жокко чыгарат

Саясат 5 ноябрь 2025 17:20
WhatsApp Image 2025-11-05 at 17.18.37.jpeg
268922e4-beb4-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-11-05 at 17.18.37.jpeg
268922e4-beb4-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абделатти менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Египет Араб Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорт ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө келишимге кол коюу аземи болуп өттү.

Тараптар саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүгө, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин тастыкташты.