Кыргызстан менен ЕБ өнөктөштүгүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталды — Кабар

Кыргызстан менен ЕБ өнөктөштүгүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталды

Саясат 7 февраль 2026 09:46
cfccdbe0-7880-3646-9b02-4391401c2a85.jpeg
3cea9cee-fc17-3163-8ae0-6efd4a60a8e4.jpeg
3d93e05b-a9eb-302f-8793-9ff787c5c5fe.jpeg
2022-01-19_09-40-02_706313.jpg
7966b8fa-173b-3640-83af-8f5e558d3455.jpeg
cba4ba0b-3b93-325f-9a8b-47b7cac28932.jpeg
Алдыга
Артка
cfccdbe0-7880-3646-9b02-4391401c2a85.jpeg
3cea9cee-fc17-3163-8ae0-6efd4a60a8e4.jpeg
3d93e05b-a9eb-302f-8793-9ff787c5c5fe.jpeg
2022-01-19_09-40-02_706313.jpg
7966b8fa-173b-3640-83af-8f5e558d3455.jpeg
cba4ba0b-3b93-325f-9a8b-47b7cac28932.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon ТИМ

Бишкек, 07.02.26. /Кабар/. Күн мурун Тышкы иштер министрлигинде Кыргызстан – Европа биримдигинин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча кичи комитеттин 7-жыйыны өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда кыргыз делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров, Европа делегациясын Европа комиссиясынын Эл аралык өнөктөштүк боюнча Башкы дирекциясынын (INTPA) Борбор Азия жана Афганистан бөлүмүнүн башчысы Шарлотт Адриен жетектеди.

1

Жыйында Кыргызстандын министрликтери жана ведомстволорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда инфраструктуралык жана инвестициялык артыкчылыктар, ошондой эле Европа биримдиги менен кызматташуунун негизги инструменттерин ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Медер Абакиров мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте европалык делегацияга учурдагы долбоордук-программалык ишмердүүлүктөгү жетишкендиктерди тааныштырып, жаңы сунуштарды жана Европа биримдиги менен регионалдык кызматташуунун келечегин сунуштады.

3d93e05b-a9eb-302f-8793-9ff787c5c5fe.jpeg

Ал эми Шарлотт Адриен Global Gateway долбоорунун алкагындагы оң жетишкендиктерди, айрыкча энергетика тармагында Кыргызстан менен Европа инвестициялык банкынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлганын белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө алар эки тараптуу жана аймактык кызматташтыктын негизги маселелери боюнча конструктивдүү пикир алмашып, кызыкчылык туудурган багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун жана натыйжалуулугун жогорулатуунун артыкчылыктуу багыттарын аныкташты.