Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну талкуулады

Экономика 16 октябрь 2025 08:38
565701450_803622702262707_6389598726587291086_n.jpg
565141981_803622615596049_7597060550340988466_n.jpg
565352586_803622618929382_7125842649982401633_n.jpg
564607540_803622795596031_6425016416473602462_n.jpg
565073277_803622682262709_3174620451860760235_n (1).jpg
565073277_803622682262709_3174620451860760235_n.jpg
565110848_803622605596050_6292610780485433252_n.jpg
565123829_803622772262700_39805741440102894_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана финансы министри Алмаз Бакетаев Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президент Антонелла Бассани баштаган Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушту.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу 14-октябрда Дүйнөлүк банктын жылдык жыйындарынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелеринин кеңири спектри талкууланып, негизги көңүл "Камбар-Ата-1 ГЭСи" долбоорун ишке ашырууга багытталды.

Энергетика министри Дүйнөлүк банктын жетекчилигине долбоордун учурдагы абалы тууралуу маалымат берип, иштер мөөнөтүнөн мурда жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле аймактык кызматташтык жолго коюлгандыгы белгиленди. Учурда долбоорду ишке ашыруу зонасында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөнүн белгидеди.

Министр Ибраев 2025-жылдын ноябрь айында Стамбул шаарында коңшу өлкөлөр - Кыргызстан Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын өкүлдөрү менен Айлана-чөйрөгө жана социалдык таасирге баа берүү боюнча талкуулоо пландалып жатканын билдирди.

Мындан тышкары, ал Камбар-Ата-1 ГЭСти куруу үчүн донордук комитеттин мүчөлөрү менен Брюссель шаарында жолугушуу өткөрүлгөнүн белдирди.

Ошондой эле Европа инвестициялык банкы менен 500 млн доллар, Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банкы менен 500 млн долларга чейин долбоорду каржылоо макулдашылганын айтты.