Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров жана Черногориянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Периша Кастратович телефон аркылуу сүйлөштү.
Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, сүйлөшүү учурунда эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү жана саясий диалогду кеңейтүү маселелери талкууланды.
"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Черногориянын ортосундагы кызматташтыкты саясий консультациялар, жогорку деңгээлдеги жана эң жогорку деңгээлдеги сапарлар жана эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз координациялоо аркылуу андан ары чыңдоого өз ара берилгендигин тастыкташты",-деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, тараптар учурдагы аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашып, келерки жылга карата эл аралык иш-чаралардын графигин карап чыгышты.