Бишкек, 15.02.26. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Чехиянын тышкы иштер министринин орун басары Мари Хатардова менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргыз тарап кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн негизи катары диалогду чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Буга байланыштуу тараптар эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда саясий консультацияларды өткөрүүгө өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.
Мындан тышкары, соода-экономикалык чөйрөдөгү, ошондой эле машина куруу, энергетика, билим берүү жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Медер Абакиров менен Мари Хатардова эки тараптуу байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.