Кыргызстан менен БУУнун санариптик кызматташтыгы талкууланды

Коом Загрузка... 17 Апрель 2025 13:22
491418016_18061163795030483_6121668865829069141_n.jpg
copyright icon Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлиги

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу учурунда санариптик жаатта эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде инклюзивдик санариптик чечимдерди колдоо, электрондук башкарууну өнүктүрүү, санариптик сабаттуулук жана инфратүзүмдү өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар мындан аркы кызматташтыкты илгерлетүү жана өлкөнүн санариптик өнүгүүсү алкагында биргелешкен санариптик демилгелерди иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.