Бишкек, 12.09.26. /Кабар/. Кыргызстанга иш сапары менен келген БУУнун тынчтык орнотуучулук операциялары боюнча башкы катчысынын орун басары Жан-Пьер Лакруа менен коргоо министринин биринчи орун басары Талайбек Шаршеевдин жолугушуусу болуп өттү.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, анда тараптар Кыргызстан менен БУУнун тынчтык орнотуучулук операциялар жаатындагы кызматташтыгынын маселелерин, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.
Кыргызстан 1998-жылдан бери БУУнун тынчтык орнотуучулук ишмердүүлүгүнө катышып келет. Тараптар кыргызстандык аскер кызматчыларынын БУУнун тынчтык орнотуучулук миссияларына мындан ары да катышуусун өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.
Иш сапардын алкагында БУУнун делегациясына Коргоо министрлигинин биринчи деңгээлдеги аскердик-талаа госпиталы тааныштырылып, анын мүмкүнчүлүктөрү жана БУУнун тынчтык орнотуучулук операцияларына мүмкүн болуучу катышуу потенциалы көрсөтүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга жана эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо жаатындагы кызматташтыкты чыңдоого даяр экендигин ырасташты.