Ташкент, 01.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Борбор Азия изилдөөлөрү боюнча Эл аралык институтунун (БАИЭИ) директору Эрен Рутбил менен жолугуп, кызматташтыктын маанилүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда БАИЭИнин ЮНЕСКОнун колдоосундагы ишмердүүлүгү жана Кыргызстан менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу сөз болду. Айрыкча тарыхый жана археологиялык баалуулуктарды изилдөө, ошондой эле кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо багытындагы кызматташуу өзгөчө белгиленди.
Тараптар мындан ары да Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, бүркүтчүлүк өнөрү, улуттук оюндар жана жаа атуу сыяктуу маданий баалуулуктарды изилдөөдө биргелешкен иштерди кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.
Элчи Дүйшөнкул Чотонов натыйжалуу кызматташтык үчүн ыраазычылык айтып, Кыргызстан бул өнөктөштүктү бекемдөөгө чоң маани берерин белгиледи. Ошондой эле тараптар элдердин ортосундагы достукту чыңдоого багытталган илимий жана маданий иш-чараларды улантуу боюнча макулдашышты.