Кыргызстан менен Бенин саясий диалогду жана кызматташтыкты бекемдөөгө макулдашты

Саясат Загрузка... 26 Сентябрь 2025 17:17
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 26.09.25./Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бенин Республикасынын тышкы иштер министри Олушегун Аджади Бакари менен жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында орун алды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий диалогду бекемдөө, экономикалык, соода жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүү багытында өз ара кызыкчылыктарын белгилешти.

Жээнбек Кулубаев кесиптешин Кыргызстанга ыңгайлуу убакта сапар менен келүүгө чакырды.

Тараптар мындан аркы кызматташууга кызыкдар экенин баса белгилеп, бул жолугушуу Кыргызстан менен Бениндин мамилелерин чыңдоого маанилүү кадам болоруна ишеним билдиришти.