Кыргызстан менен Беларустун транспорт тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү талкууланды

Коом 17 сентябрь 2025 16:15
Кыргызстан менен Беларустун транспорт тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү талкууланды

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун транспорт жана коммуникациялар министри Алексей Ляхнович менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу элчи социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, жолугушууда транспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү келечегин, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, тажрыйба жана технология алмашуу, темир жол, автомобиль жана аба транспорту тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды.