Кыргызстан менен Беларустун ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү. Эмнелер талкууланды? — Кабар

Кыргызстан менен Беларустун ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү. Эмнелер талкууланды?

Саясат 9 декабрь 2025 17:40
Кыргызстан менен Беларустун ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү. Эмнелер талкууланды?
copyright icon ТИМ

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Беларусь тышкы иштер Министри Максим Рыженков менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.