Кыргызстан менен Беларустун коргоо министрлери кызматташуу планына кол койду

Саясат 27 Ноябрь 2025 12:23
588588641_1332985408841556_6822574288416433011_n.jpg
590743284_1332985538841543_8864730536687925656_n.jpg
589025078_1332985578841539_554970616672937741_n.jpg
589167611_1332985458841551_1012840130165104635_n.jpg
589259212_1332985685508195_9061210532760453402_n.jpg
590086379_1332985495508214_6988612160270262231_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте коргоо министри Руслан Мукамбетов Беларустун коргоо министри Виктор Хренин менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Беларустун коргоо ведомстволорунун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун эң актуалдуу маселелери талкууланды.

"Кыргызстан менен Беларустун ортосунда өз ара урматтоого жана өз ара пайдалуу кызматташууга негизделген салттуу достук мамилелер бар. Тарыхый жана саясий контекстте биздин өлкөлөр ортосунда эч кандай карама-каршылыктар жана чечилбеген маселелер жок. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди кеңейтүү жана бекемдөө үчүн чоң потенциал бар", — деди Руслан Мукамбетов.

Соңунда тараптар Кыргызстан менен Беларустун Коргоо министрликтеринин ортосундагы 2026-жылга карата эки тараптуу кызматташуу планына кол коюшту.

Белгилей кетсек, тараптардын жолугушуусу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин алкагында өттү.