Кыргызстан менен Беларусь айыл чарбасын биргелешип өнүктүрүүгө багыт алды

Коом Загрузка... 13 Июль 2026 17:35
WhatsApp_Image_2026_VHd4c2r.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Беларустун Кыргызстандагы элчиси Сергей Молунов менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана Беларустун премьер-министри Александр Турчиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

744440729_2120923918469893_7822258651468466289_n

Тараптар айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, картошка өстүрүү жана кайра иштетүү, эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы, селекция жана үрөнчүлүк боюнча кызматташуунун келечегин карашты.

Жыйынтыгында эки тарап агрардык тармактагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.