Кыргызстан - Бахрейн аба каттамы ачылышы мүмкүн

Коом Загрузка... 06 Февраль 2026 09:04
15aca414-63ea-3eed-b671-f9bc688d6adf.jpg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Бахрейндин каржы жана улуттук экономика министри шейх Салман бин Халифа Аль-Халифа менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Бахрейн Падышачылыгынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү боюнча кеңири маселелерди талкуулашты.

Элчи Марипов кыргыз-бахрейн биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын тез арада түзүлүшүнүн жана ишке киришинин, ошондой эле анын 2026-жылы Кыргызстанда I жыйынын өткөрүүнүн, эки тараптуу сапарларды ишке ашыруунун, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн жана жакынкы аралыкта Бишкек менен Манаманын ортосунда түз аба каттамдарын ачуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде шейх Салман Аль-Халифа талкууланган бардык маселелер боюнча зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттин күн тартибиндеги маселелерди андан ары илгерилетүү жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары бекемдөө үчүн зарыл болгон иштерди улантуу жөнүндө макулдашты.