Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Бахрейн Падышалыгынын Борбордук банкынын жетекчилиги менен жолукту.
Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, жолугушуу Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйындарынын алкагында өттү.
Талкуунун жүрүшүндө Кыргызстанда ислам банкингин өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Төрага Тургунбаев Улуттук банкта өлкөдө ислам банкингинин ишенимдүү ченемдик-укуктук жана институционалдык базаны түптөө саясаты ырааттуу ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.
Кыргыз тарап Бахрейн Падышалыгынын бул чөйрөдө эл аралык стандарттарды жана мыкты тажрыйбаларды өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалайт жана Бахрейндин Борбордук банкы менен өз ара иш алып барууну мындан ары да бекемдөөгө даярдыгын билдирди.
Натыйжалуу трансмиссияны камсыздоо жана рынок ликвиддүүлүгүн колдоо үчүн учурда секторду мындан ары өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыгы болуп, акча-кредит саясатынын зарыл инструменттерин, анын ичинде шарият принциптерине ылайык келген инструменттерди ишке ашыруу экендиги баса белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары бекемдөөгө, анын ичинде эксперттик тажрыйба алмашууга жана тармактык бөлүмдөр деңгээлинде потенциалды өнүктүрүүгө даярдыгын ырасташты.