Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Күн мурун Абу-Даби шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Бириккен Араб Эмираттарынын Консулдук департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Мохаммед Аль-Мансури менен жолугушту.
ТИМден билдиршкендей, жолугушууда тараптар консулдук тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана актуалдуу маселелерин кеңири талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө өзгөчө көңүл эки мамлекеттин жарандарынын өз ара сапарларын жеңилдетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу маселелерине бурулду.
Мындан тышкары, консулдук чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү максатында эки өлкөнүн келишимдик базасын кеңейтүү маселеси талкууланды.
Жыйынтыгы боюнча тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча тыгыз жана үзгүлтүксүз байланыштарды улантууну макулдашты.