Бишкек, 02.08.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри шейх Абдулла бин Заед Аль Нахаян куттуктоо каттары менен алмашышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жээнбек Кулубаев өзүнүн куттуктоо катында акыркы отуз жыл ичинде кыргыз-эмират мамилелери олуттуу өнүгүү жолун басып өтүп, бүгүнкү күндө өз ара урматтоого, ишенимге жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка негизделген бекем, көп кырдуу өнөктөштүккө айланганын белгиледи.
Министр кыргыз тарап эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну мындан ары да ырааттуу өнүктүрүүгө даяр экендигин ырастап, эки тараптуу өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин айтты.
Өзүнүн куттуктоо катында Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри шейх Абдалла бин Заед Аль Нахаян маанилүү мааракеге байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорун жолдоп, Кыргызстанга мындан аркы өсүп-өнүгүүнү жана гүлдөп-өсүүнү каалады. Ошондой эле эмират тарап эки мамлекеттин жана элдердин кызыкчылыктары үчүн эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоого, колдоого жана өнүктүрүүгө болгон өзгөрүлгүс умтулуусун ырастады.
Тышкы саясий ведомстволордун башчылары соңку 30 жыл ичинде топтолгон оң кызматташтык тажрыйбасы кыргыз-эмират өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого, жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана эки тараптуу кызматташтыкты жаңы практикалык мазмун менен байытууга бекем негиз болуп кызмат кылаарына ишеним билдиришти.