Кыргызстан менен Азербайжан маданият министрлери жолукту. Эмнелер талкууланды?

Маданият 22 Апрель 2025 16:00
492330212_980038077621282_6833564110110357256_n.jpg
491986775_979868450971578_4453127085444942140_n.jpg
491802043_979442894347467_7872312016562497435_n.jpg
Алдыга
Артка
492330212_980038077621282_6833564110110357256_n.jpg
491986775_979868450971578_4453127085444942140_n.jpg
491802043_979442894347467_7872312016562497435_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги Улуттук тарых музейинде Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен Азербайжандын маданият министри Адил Габиль оглу Каримлинин эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоодо маанилүү окуялардын бири болуп калды.

Иш-чаранын алкагында министрлер Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда маданият жаатында кызматташууну өнүктүрүү боюнча 2025-2026-жылдарга практикалык чаралар планына кол коюшту. Бул документ мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн багыттарын аныктап, өлкөлөрдүн ортосундагы бир туугандык байланыштарды ырастайт.

Иш-чаранын соңунда Азербайжандын маданият министрин Улуттук тарых музейиндеги экспозициялары жана көргөзмөлөрү менен тааныштырып, жеке экскурсия уюштурулду.

Белгилей кетсек, жолугушуунун негизги өзөгү Азербайжандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн ачылышы болду. Аталган иш-чара Азербайжандын бай маданий мурасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп, эки элдин ортосундагы байланыштарды бекемдейт.