Кыргызстан менен Азербайжандын курулуш тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом 20 октябрь 2025 18:14
567505072_18082232840068772_6245558517859854849_n.jpg
567505072_18082232840068772_6245558517859854849_n (1).jpg
568180257_18082232849068772_6388341507284591443_n (1).jpg
568180257_18082232849068772_6388341507284591443_n.jpg
Алдыга
Артка
567505072_18082232840068772_6245558517859854849_n.jpg
567505072_18082232840068772_6245558517859854849_n (1).jpg
568180257_18082232849068772_6388341507284591443_n (1).jpg
568180257_18082232849068772_6388341507284591443_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 20.10.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Азербайжандын курулуш тармагындагы кызматташуусу талкууланды. Маселе курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бактыяр Станбековдун Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында курулуш тармагында тажрыйба алмашуу максатында Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Довлетхан Довлетханов менен жолукканда көтөрүлдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө курулуш тармагындагы уруксат берүү тартибин жакшыртуу, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана заманбап технологияларды киргизүү маселелери кеңири талкууланды.

Андан тышкары, электрондук платформалар аркылуу курулуштагы уруксат документтерин берүү процессинин теориялык аспектилери каралып, тажрыйба алмашуу боюнча өз ара пикирлер айтылды.

Бул иш-чаралар эки өлкөнүн курулуш тармактарынын кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө багытталат.