Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Кыргызстан менен Азербайжан туризм, санаторий-курорттук дарылоо жана эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо багытындагы кызматташууну кеңейтет. Бул тууралуу Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, федерациянын “Профсоюздук туризм” мекемесинин делегациясы иш сапар менен Азербайжандын борбору Баку шаарында болду. Сапардын жыйынтыгында аталган мекеме менен Азербайжандын Кесиптик бирликтер конфедерациясынын “Kurort” жабык акционердик коому өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.
Документке ылайык, тараптар санаторий-курорттук мекемелерди башкаруудагы тажрыйба алмашууга, эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн эс алуусун жана дарылануусун уюштурууга, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип жайылтууга, ошондой эле көргөзмөлөргө, форумдарга жана таанышуу сапарларына катышууга көмөктөшөт.
Мындан тышкары, эки өлкө ортосунда туристтик топторду алмашуу боюнча иш алып барылып, жакынкы убакта биринчи туристтик топтун санаторий жолдомолорунун мөөнөтү, көлөмү жана баасы такталары белгиленди.
Федерациянын маалыматына ылайык, бул меморандум эки өлкөнүн эмгекчилери үчүн туристтик жана санаторий кызматтарын өнүктүрүүгө, ошондой эле кесиптик кызматташтыкты чыңдоого практикалык негиз түзөт.