Кыргызстан менен Азербайжан транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрөт

Президент Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 13:25
photo_5431427703249_zZ4lOKv.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. Кыргызстан менен Азербайжан транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип өнүктүрөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Илхам Алиев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМК үчүн билдирүү жасап жатып билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, мамлекеттер транспорт, энергетика жана туризм багытындагы кызматташтыкты кеңейтет.

“Транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Борбордук Азияны Европа рыноктору менен байланыштырган Ортоңку коридордун негизги звенолорунун бири катары Азербайжандын маанилүү ролу белгиленди.
Ошондой эле энергетика тармагындагы кызматташуунун келечектүү багыттарын жана биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкууладык.
Бүгүн Ысык-Көлдүн жээгинде Азербайжан тарап курган биринчи беш жылдыздуу мейманкананын салтанаттуу ачылышы болот. Бул долбоор элдерибиздин бекем достугунун дагы бир символуна айланып, өлкөбүздүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошоруна ишенем.
Эл аралык уюмдардын алкагындагы натыйжалуу кызматташтыгыбызды өзгөчө белгилегим келет”,-деди мамлекет башчысы.