Бишкек, 26.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгына кол койду.
Жарлыктын максаты билим берүү стандарттарынын талаптарына жооп берген заманбап окуу китептери жана окуу-методикалык колдонмолор менен жалпы билим берүү уюмдарын даярдоо, басып чыгаруу жана комплекттөө боюнча комплекстүү системаны түзүү болуп саналат.
Ал үчүн мамлекеттик бюджеттен Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга 8,5 млрд сом бөлүндү.
Мындан тышкары, министрлер кабинетине Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруунун мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жана бекитүүгө киргизүү боюнча тапшырма берилди, анын ичинде:
– министрлер кабинетине караштуу жалпы билим берүү уюмдары үчүн жаңы окуу программаларын, окуу китептерин жана окуу методикалык комплекстерди кайра кароо жана түзүү боюнча мамлекеттик ведомстволор аралык комиссияны түзүү;
– окуу адабияттарына белгиленген мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана заманбап методикалык талаптарга шайкештигине экспертиза жүргүзүү жана баалоо;
– жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгууга автордук курамды тандоонун жана бекитүү;
– конкреттүү регионго, мектепке, класска жана окуучуларга чейинки жолун байкоого мүмкүндүк берген уникалдуу QR-код менен ар бир окуу куралын жана окуу-методикалык комплексин маркалоону кароо менен жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларын окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуунун натыйжалуу механизмин жүргүзүү.
Сунушталган чараларды ишке ашыруу билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, жаш муундун интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө жана үзгүлтүксүз билим алуу үчүн кошумча шарттарды түзүүгө жардам берет.