Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугушту.
Мамлекет башчысы жергиликтүү бюджеттин өсүшүн жана инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышын белгилеп, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына токтолду.
“2021-жылы Тогуз-Торо районунун бюджетинин көлөмү 69 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 132 млн сомго жеткен. Башкача айтканда, райондун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу болжол менен 2 эсеге көбөйгөн. Ал эми, “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу 2026-жылдын 9 айында Тогуз-Торо районуна капиталдык курулуш тармагындагы 6 объектиге, жалпысынан, 67 млн сом каралып, 2026-жылдын 1-октябрына карата 61 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилди”, - деди Садыр Жапаров.
Президент энергетика тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Тогуз-Торо районунда түрк инвесторлорунун катышуусунда Казарман ГЭСтер каскадын куруу боюнча ири инвестициялык долбоор ишке ашырылууда.
“Нарын дарыясындагы "Ала-Буга", "Кара-Булуң-1" жана "Кара-Булуң-2" ГЭСтерин камтыган каскаддын жалпы кубаттуулугу 912 мегаватты түзөт. Бул долбоор өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого, райондун экономикасын өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.
Жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө токтолгон Садыр Жапаров акыркы беш жылда Тогуз-Торо районунда 16 чакырым жол асфальтталганын билдирди. 2026-жылы дагы алты чакырым жолго асфальт төшөлүп, иштер улантылууда. Мындан тышкары, Бирдик — Арал — Карл-Маркс автомобиль жолун оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жолду оңдоону аяктап, пайдаланууга берүү келерки жылы пландалууда.
Президент билим берүү системасын модернизациялоо жана спорт инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерине да токтолду. Райондун мектептеринде "Алтын Казык" программасы ишке ашырылып, мугалимдер үчүн усулдук иш-чаралар жана тренингдер өткөрүлүп, окутуунун жаңы ыкмалары киргизилүүдө. Муну менен катар жаштардын спорт менен машыгуусуна көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүү максатында айылдарда мини-футбол аянтчаларын куруу улантылууда.
Мамлекет башчысы калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселесине да токтолду. Учурда райондогу 15 айылдын тогузу ичүүчү суу менен камсыздалган. Калган калктуу конуштар үчүн тиешелүү долбоорлор иштелип чыгууда.
Жыйынтыгында мамлекет башчысы социалдык маселелерди чечүүгө токтолуп, райондун билим берүү жана маданият инфраструктурасын жаңылоонун зарылдыгын айтты.
“Өзүңүздөргө маалым, мен буга чейин Жалал-Абаддын дээрлик бардык район-шаарларынын калкы менен жолугушуп келдим. Бардыгында тең эле окшош көйгөйлөр: мектеп, бала бакча, маданият үйлөрүн жаңыртуу, жаңыдан салуу, жер маселелери боюнча өтүнүчтөр болду. Тогуз-Торо районунда дагы тээ совет мезгилинде курулган мектеп, бала бакча, маданият үйлөрү, жол, көпүрө сындуу социалдык көйгөйлөр бар экени маалым.
Бүгүнкү күндө кайсы тармак болбосун билимге, илимге байланыштуу өнүгүү жолуна түшөт. Ошондуктан биз жогоруда аталган көйгөйлөрдүн ичинен мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечебиз деген максатты койдук. Андан соң бала бакчалар менен маданият үйлөрүнө көңүл бурабыз”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.