Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Коом 111 20 Август 2026 17:25
1.jpg
778257842_1060276833080787_52793129580948845_n.jpg
778157019_2576448392772279_5591953967629393698_n.jpg
780097104_1604439624649440_960726045848380686_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
778257842_1060276833080787_52793129580948845_n.jpg
778157019_2576448392772279_5591953967629393698_n.jpg
780097104_1604439624649440_960726045848380686_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку сот

Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Азербайжан сот адилеттигин санариптештирүү жана сот органдарынын ортосундагы практикалык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев баштаган делегациянын Азербайжандын Жогорку сотунун төрагасы Инам Имдад оглу Керимов менен жолугушуусунда айтылды.

Жогорку соттон билдиришкендей, жолугушууда тараптар электрондук документ жүгүртүү, сот иштерин каттоо жана бөлүштүрүү, сот материалдарына электрондук жеткиликтүүлүк, видеоконференцбайланыш жана маалыматтык коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле биргелешкен семинарларды, эксперттик жолугушууларды жана адистердин тажрыйба алмашуу сапарларын уюштуруу, сот тутумун санариптештирүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү каралды.

Кыргыз тарап Азербайжандын электрондук сот адилеттиги жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди.