Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Кыргызстандын инвестициялык долбоорлору жана инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан шарттар талкууланды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Азербайжандын Portofino Development компаниясынын негиздөөчүсү Кянан Жалилов менен жолугушту.
Тараптар курулуш жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү багытындагы келечектүү инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Кянан Жалилов Азербайжандагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, аны Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Равшанбек Сабиров инвесторлор үчүн мамлекеттик колдоо чаралары, атайын экономикалык аймактардагы мүмкүнчүлүктөр жана преференциялар, салыктык жеңилдиктер, ошондой эле IT тармагын өнүктүрүү үчүн түзүлүп жаткан шарттар тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле “Венчурдук каржылоо жөнүндө” мыйзам стартаптарды жана инновациялык компанияларды өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканы белгиленди.
Жалилов Кыргызстанда, анын ичинде “Асман” экологиялык шаарын өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун келечектүү багыттарын биргелешип иштеп чыгууну макулдашты.