Кыргызстан менен Армениянын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат Загрузка... 27 Август 2025 10:03
539633450_1183401770489998_870996718885147522_n.jpg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-армян мамилелеринин абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча пикир алышты.

Эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин бекемдөө максатында саясий жана экономикалык байланыштарды үзгүлтүксүз улантууга эки тарап тең кызыкдар экендиктерин билдиришти.