Кыргызстан менен Армения кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөөдө

Саясат Загрузка... 03 Июль 2025 09:16
WhatsApp Image 2025-07-02 at 20.06.21.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Армениянын Кыргызстандагы элчиси Армен Гевондянды кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий кызматташтык, анын ичинде өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алышты.