Бишкек, 17.10.26. /Кабар/. Бүгүн, 17-октябрда Ереван шаарында президент Садыр Жапаровдун Арменияга болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-армян кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Кабыл алынган документтердин тизмеси:
- Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашиняндын биргелешкен билдирүүсү;
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Армения Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын сапарлары жана жүрүү тартиби жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасы менен Армения Республикасынын ортосундагы 2027–2029-жылдарга кызматташуу жөнүндө жол картасы;
- Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Армения Республикасынын Билим берүү, илим, маданият жана спорт министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Армения Республикасынын Билим берүү, илим, маданият жана спорт министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндөмеморандум;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Армения Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосундагы Ысык-Көл жана Севан көлдөрүн сактоо боюнча кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Армения Республикасынын Эмгек жана бакубаттуулук министрлигинин ортосундагы Пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Армения Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандуму;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен Армения Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Бишкек шаары (Кыргыз Республикасы) менен Ереван шаарынын (Армения Республикасы) ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө макулдашуу.