Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда Албаниянын президенти Байрам Бегай менен анын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсү, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланды.
Садыр Жапаров Байрам Бегайдын алгачкы расмий сапары эки өлкө үчүн маанилүү тарыхый окуя экенин баса белгилеп, бүгүн кыргыз-албан мамилелеринин жаңы барагы ачылат деген ишенимин билдирди.
Ал географиялык алыстыкка карабастан, эки элди ислам дини, орток руханий баалуулуктар жана бай тарыхый-маданий мурас байланыштырып турарын белгиледи.
Президент Садыр Жапаров Албанияны Европадагы маанилүү өнөктөштөрдүн бири катары карарын баса белгилеп, өлкөнүн Европа биримдигине кошулуу жолунда ийгиликтерди каалады.
Ал эки өлкөнүн саясий диалогунун бекемделишине жана тармактык министрликтер менен ведомстволордун жигердүү өз ара аракеттенүүсүнүн зарылдыгына токтолду.
“Соода-экономикалык байланыштарды мындан ары тереңдетүү, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү багытында биргелешип иш алып барууга кызыкдарбыз.
Айрыкча туризм, кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт жана санариптик өнүгүү сыяктуу тармактарда кызматташууну кеңейтүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар”, - деди мамлекет башчысы.
Ал өлкөлөр ортосундагы транспорттук байланыштын өнүгүшү контекстинде Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча "кара тизмесинен" ушул айдын башында Кыргызстан чыгарылганын эске алуу менен, түз аба каттамдарын ачуу маселесине көңүл бурдурду.
Садыр Жапаров ошондой эле Албаниянын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктерине токтолуп, Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, бул багытта биргелешкен кызматташтыкты сунуштады.
Мындан тышкары, президент эки өлкөнүн ортосунда билим берүү, маданият жана спорт тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Ал Албаниянын спортчуларын 2026-жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууга чакырды.
Ошондой эле мамлекет башчысы Албания да Балкан аймагындагы тоолуу өлкө болуп саналгандыктан, Албаниянын президентин 2027-жылдын октябрь айында боло турган “Бишкек+25” Тоо саммитине катышууга чакырды.
Өз кезегинде Албаниянын президенти бүгүнкү сүйлөшүүлөр жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын потенциалы биргелешкен аракеттер менен толук ачыларын белгиледи.
“Географиялык жактан биз алыс жайгашканыбыз менен, принциптерибиз бирдей: бул жалпы жоопкерчилик жана адамдардын жыргалчылыгына кызмат кылган эгемен мамлекеттердин баалуулуктарына карата терең урмат.
Ошондуктан, бул сапар биздин өлкөлөрдү жакындатат жана өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн бекем пайдубал түзөт деп терең ишенем”, - деди Байрам Бегай.
Албаниянын президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан экономикалык жактан олуттуу ийгиликтерге жетишип, тынымсыз эмгектин аркасында ИДПнын тез өсүшүнө жетишкенин белгиледи.
Ал ошондой эле экономика, билим берүү, маданият жана өз ара кызыкчылык туудурган башка багыттарда өз ара аракеттенүү үчүн ачылып жаткан перспективаларга токтолду. Байрам Бегай көп тараптуу форматта тыгыз кызматташууга умтулуусун да тастыктады.
Бул контекстте ал Садыр Жапаровду Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, бул багытта, ошондой эле башка эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз иштешүүгө даяр экендигин билдирди.
Мындан тышкары, Албаниянын президенти мамлекет башчысын 2027-жылы Албанияга расмий сапар менен барууга чакырып, бул чакырууну Садыр Жапаров жылуу кабыл алды.
Мамлекет башчылары келишимдик-укуктук базаны бекемдөө зарылдыгын белгилеп, кызматташтыктын келечектүү багыттарына болгон өз ара кызыгуусун ырасташты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында лидерлер кыргыз-албан мамилелерин мындан ары өнүктүрүү боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.