Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Албаниядагы элчиси (резиденциясы Анкара шаарында) Руслан Казакбаев Албаниянын Тышкы жана Европалык иштер министрлигинин Мамлекеттик протоколунун директору Ариан Спассага ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.
Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, албаниялык дипломат кыргыз тараптын тажрыйбалуу дипломат жана саясатчыны Албаниядагы дипломатиялык өкүл катары дайындоо чечимине канааттангандыгын билдирип, анын жооптуу миссиясында ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле элчиси Казакбаев Албаниянын Европа жана тышкы иштер министринин орун басары Эндрит Йзейрай менен жолугушту.
Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Албаниянын ортосундагы достук мамилелердин учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу маселелер талкууланды.
Саясий, маданий-гуманитардык, илимий-билим берүү жана соода-экономикалык тармактарда мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана активдештирүү боюнча макулдашууларга жетишилди. Кыргызстан менен Албаниянын ортосунда парламенттер аралык достук тобун түзүү, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Албаниянын Европа жана тышкы иштер министри Игли Хасаниге Кыргызстанга келүүгө чакыруу каты берилди.
Мындан тышкары, тараптар өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү, ошондой эле Соода-экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону макулдашты.
Казакбаев Кыргызстан менен Албаниянын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны, биринчи кезекте экономика, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы базалык макулдашууларга кол коюу аркылуу кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн эл аралык платформалардагы өз ара аракеттенүү маселелери кеңири талкууланды.