Кыргызстан менен АКШнын соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Саясат Загрузка... 04 Ноябрь 2025 16:12
ab4be927-3117-30c7-9968-82c9534646c0 (1).jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 04.11.25 /Кабар/. Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий диалогду бекемдөө, өз ара иш-чараларды уюштуруу жана өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле алдыдагы С5+1 саммитине көңүл бурушту.

Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө болгон берилгендигин тастыкташты.