Кыргызстан менен АКШ “Ачык асман” макулдашуусунун долбоорун иштеп чыгат

Коом 338 22 Июнь 2026 14:35
725394406_1451617633674202_1909733978163784472_n.jpg
728474473_1451615277007771_2232981505147475031_n.jpg
728428513_1451617660340866_7790253886498152948_n.jpg
727158769_1451617627007536_2431839848786445352_n.jpg
Алдыга
Артка
725394406_1451617633674202_1909733978163784472_n.jpg
728474473_1451615277007771_2232981505147475031_n.jpg
728428513_1451617660340866_7790253886498152948_n.jpg
727158769_1451617627007536_2431839848786445352_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда тараптар өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого жана өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча кызматташууну кеңейтүүгө болгон өз ара кызыкдарлыгын ырасташты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы “Ачык асман” жөнүндө макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле авиация тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Муну менен катар, Boeing компаниясы менен өз ара аракеттенүү маселелери жана Кыргызстандын жарандык авиациясын өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын келечеги каралды. Бул багытта тараптар “Transportation Security Administration” (TSA) тарабынан жүргүзүлүүчү аудитке даярдык көрүү маселелерин, ошондой эле жүк ташуучу авиакомпаниялардын каттамдарын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгууну талкуулашты.