Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Аддис-Абеба шаарында Кыргызстандын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы элчиси Адылбек Тултемиров Африка биримдигинин комиссиясынын төрагасы Махмуд Али Юсуфка ишеним грамотасын тапшырды.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, тапшыруу аземи биримдиктин штаб-квартирасында өттү.
Жолугушууда Адылбек Тултемиров Кыргызстандын Африка биримдигинде байкоочу статусун алышына чоң маани берди.
Өз кезегинде комиссиянын төрагасы Махмуд Али Юсуф элчини миссиянын башталышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Африка биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган диалогду жана өз ара аракеттенүүнү баштоого кызыкдар экенин билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.