Кыргызстан менен Афганистан соода кызматташтыгынын келечегин талкуулады

Экономика Загрузка... 18 Декабрь 2025 12:00
2.png
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Күн мурун Кабул шаарында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Афганистандын административдик жана социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Абдул Салам Ханафи менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулап, өз ара товар жүгүртүүнүн өсүү динамикасын, ошондой эле аны мындан ары кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгилешти.

Кыргыз тарап соода жана инвестиция, мамлекеттик жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, ошондой эле банктык кызматташууну кеңейтүү багыттарында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар үзгүлтүксүз диалогду колдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешип, Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

1.png