Кыргызстан менен Афганистан соода-экономикалык байланыштарын чыңдоодо

Экономика 13 август 2025 11:40
IMG_8988 4.png
IMG_8982 1.png
IMG_8970 4.png
IMG_8955 4.png
IMG_8952 1.png
Алдыга
Артка
IMG_8988 4.png
IMG_8982 1.png
IMG_8970 4.png
IMG_8955 4.png
IMG_8952 1.png
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 13.08.25. /Кабар/. Кыргызстанга Афганистан Ислам Эмиратынын Соода жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучусу Ноуреддин Азизи баштаган делегация келди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Министр Бакыт Сыдыков Афганистандан келген делегация менен жолугушууда бул визит эки тараптуу кызматташууну активдештирүү жана тереңдетүү багытында маанилүү кадам экенин белгиледи.

Кыргыз тарап экономиканын келечектүү тармактарын камтыган жаңы өз ара пайдалуу кызматташуу багыттарын издөө боюнча кызыкдар экенин билдирип, ооган тарапты жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар жана өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Айрыкча көңүл санариптештирүү маселелерине бурулуп, кыргыз тарап топтогон тажрыйбасын Ооганстан өнөктөштөрү менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Ноуреддин Азизи чакырууга ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кеңейтүү перспективаларын белгиледи.

Тараптар эки өлкөдө соода үйлөрүн ачуу боюнча макулдашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • кызматташууну өнүктүрүү боюнча жол картасы;
  • соода-экономикалык кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму.