Кыргызстан Марракеште өтүп жаткан Ислам дүйнөсүнүн форумуна катышууда

Коом 2 июль 2025 14:55
514321762_1030148762610213_2138379266704523086_n (1).jpg
515504165_1030148949276861_1576149218347549166_n.jpg
514774648_1030148822610207_9124602126870932790_n.jpg
514502291_1030148792610210_3759769109404249899_n.jpg
Алдыга
Артка
514321762_1030148762610213_2138379266704523086_n (1).jpg
515504165_1030148949276861_1576149218347549166_n.jpg
514774648_1030148822610207_9124602126870932790_n.jpg
514502291_1030148792610210_3759769109404249899_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. 30-июнда Марракеш шаарында Ислам дүйнөсүнүн кызматташтык уюмунун жаштар форуму (ICYF) башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Форумдун негизги темасы — “Коронавирус пандемиясынан кийинки жаштар: артыкчылыктар жана үмүттөр”. Анда жаштар саясатынын келечеги, туруктуулук, иш менен камсыздоо, санариптик сабаттуулук жана коомдук биримдик талкууланган.

Кыргызстандын атынан иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев катышты. Ал ал өз сөзүндө Кыргызстандын эл аралык форумдарга катышуусу жаштар саясаты боюнча тажрыйба алмашууга, мыкты практикаларды өздөштүрүүгө жана жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө шарт түзөрүн белгилеп өттү.

Форум уланууда. Анын алкагында панелдик сессиялар, стратегиялык жолугушуулар, маданий иш-чаралар жана жаштар инфраструктурасына таанышуу сапарлары өтүүдө.