Кыргызстан "Магдебург-2025" экономикалык форумуна катышты

Экономика Загрузка... 16 Июль 2025 17:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 16.07.25. /Кабар/. Кыргызстан 11-июлда Магдебург шаарында "Магдебург-2025" экономикалык форумуна катышты өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Германиядагы элчилиги форумду уюштурууга көмөк көрсөткөн.

Иш-чарага Саксония-Анхальт федералдык жеринин ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү, ошондой эле Саксония-Анхальт Ландтагынын (парламентинин) президенти Гуннар Шелленбергер, Магдебург шаарынын вице-мэри жана башка расмий өкүлдөр катышты.

Форумдун негизги максаты Германия менен экономикалык байланыштарды бекемдөө, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо жана энергетика, тоо-кен өндүрүшү, логистика, билим берүү жана башка негизги тармактарда кызматташууну өнүктүрүү болду.

Форумдун алкагында КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев сөз сүйлөп, транспорт жана логистика чөйрөсүндөгү кызматташуунун келечегин баяндады. Ал германиялык компаниялардын Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу инфраструктуралык долбоорлорго жана "жашыл" энергетика тармагын өнүктүрүүгө катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ал эми элчи Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө Кыргызстандын Европа менен Азиянын ортосундагы транзиттик түйүн катары стратегиялык ордуна, ошондой эле өлкөнүн кайра жаралуучу энергия булактары, сейрек минералдар жана жумушчу кадр боюнча потенциалына көңүл бурду. Ал Кыргызстандын арзан жана экологиялык жактан таза гидроэнергия сыяктуу атаандаштык артыкчылыктарын өзгөчө белгилеп, Саксония-Анхальт компанияларын кварц казып алуу жана кайра иштетүү, кремний өндүрүү жана билим берүү программаларын өнүктүрүү долбоорлоруна катышууга чакырды.

Элчилик ошондой эле бизнес-форумдун катышуучулары үчүн маданий программа уюштурду.