Кыргызстан мага укмуштай кооз табияты менен жакты – кытайлык жаш сүрөтчү

Маданият Загрузка... 27 Март 2026 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.03.26 /Кабар/. Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин I жаштар Дельфий оюндарынын салтанаттуу жабылыш аземи өтүүдө. Иш-чаранын алкагында кытайлык жаш сүрөтчү Чэнь Цзыян бул оюндардан жана Кыргызстандан алган таасирлери менен "Кабар" агенттигине бөлүштү.

WhatsApp Image 2026-03-27 at 17.13.33 (1).jpeg
"Менин атым Чэнь Цзыян. Мен Кытайдан келдим. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин I жаштар Дельфий оюндарында "Сүрөт өнөрү" номинациясы боюнча катыштым. Бул иш-чарага катышып, өз өлкөмдү тааныштырып жатканыма абдан кубанычтамын. Дельфий оюндары мага унутулгус таасирлерди калтырды. Кыргызстан мага укмуштай кооз табияты менен абдан жакты. Шаардын борборунан эле жашыл чөптөрдү көрүп, ошол эле учурда кар баскан тоолорду да байкоого болот. Шаар да өзүнүн өзгөчөлүктөрү менен абдан жагымдуу таасир калтырды. Мен бул жакка дагы кайтып келип, кайрадан сынактарга катышууга абдан кубанычта болом”,-деди Чэнь Цзыян.
WhatsApp Image 2026-03-27 at 17.11.11.jpeg

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында ШКУ мүчө мамлекеттеринин I жаштар Дельфий оюндары 23-мартта башталып, бүгүн аяктап жатат. Ага Беларусь, Индия, Иран, Пакистан, Кытай, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнөн келген 300дөй жаш таланттар катышты.

Программага - фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бийлер, диджейлик искусство, элдик аспаптар жана колдонмо-декоративдик искусство боюнча сегиз сынактык номинация киргизилип, жеңүүчүлөр аныкталды.